Эл артисти Айзада Тумакованын юбилейине арналган “Сильфида” балети көрсөтүлөт

Маданият 5 октябрь 2026 17:35
Эл артисти Айзада Тумакованын юбилейине арналган “Сильфида” балети көрсөтүлөт
copyright icon WWW

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. 11-октябрда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, театрдын башкы балетмейстери Айзада Маметисаевна Тумакованын юбилейине арналган чыгармачылык кече өтөт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, кеченин алкагында Ж.М. Шнейцхоффер жана Г. Лёвенскольддун ”Сильфида“ балетинин жаңы коюлушу көрүүчүлөргө тартууланат. Балетмейстер-коюучу — Айзада Тумакова.

Эске салсак, Айзада Тумакова Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайын жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган. Чыгармачылык жолун А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында улантып, кийин Тажикстандын С. Айни атындагы мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында, Бишкек хореографиялык окуу жайында жана Швециянын Стокгольм шаарындагы ”Les Ballets Persans” балет труппасында эмгектенген.

2022-жылдан бери театрдын башкы балетмейстери катары балет труппасынын чыгармачылык өнүгүүсүнө жана артисттердин аткаруучулук чеберчилигин жогорулатууга салым кошуп келет. Анын жетекчилиги алдында К. Молдобасановдун ”Куйручук”, А. Глазуновдун ”Раймонда” жана ”Сильфида” балеттери сахналаштырылган.

Юбилейлик кечеде ”Сильфида“ балетинин башкы партияларын кыргыз балетинин жаш мууну аткарат: Сильфида — Адинай Эмильбекова, Жеймс — Саади Иманкулов, Мэдж — Нурадил Абдыназаров, Эффи — Айдана Галиева, Гурн — Атабек Садыркулов, Мама — Татьяна Майорова.

Дирижёр-коюучу — Захар Бутенко, сүрөтчү-коюучу — Садык Мурзаханов.