Бүбүсара Бейшеналиевага 100 жыл: Бишкекте эл аралык балет сынагы өтөт

Маданият 24 сентябрь 2026 09:00
Бүбүсара Бейшеналиевага 100 жыл: Бишкекте эл аралык балет сынагы өтөт
copyright icon WWW

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. 3-9-ноябрда Бишкекте көрүнүктүү балерина, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган ”Улуу-Элес“ II эл аралык балет артисттеринин сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры менен биргеликте уюштурулуп, балет өнөрүн өнүктүрүүгө жана жаш таланттарды колдоого багытталган.

Сынакка балет артисттери, кесиптик хореографиялык окуу жайлардын студенттери жана хореографтар катышат. Башкы сыйлык — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Гран-при 200 миң сомду түзөт.

Ошондой эле байгелүү орундарга акчалай сыйлыктар жана атайын номинациялар каралган.