Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кыргыз улуттук “Манас” театрында залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган 30 жашка чейинки манасчылардын республикалык кароо-сынагынын тандоо туру өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Тандоо туруна 10 жаш манасчы - Узэрбек Анарбеков, Уларбек Мирланов, Мирлан Абдалиев, Нурдан Кубанычбеков, Бекжан Базарбаев, Жасмин Турусбекова, Касымбек Бердикулов, Жумабек Исаев, Акдана Чойбекова жана Баймырза Асангуловдор катышты. Алар биринчи айлампада “Манас” эпосунан эркин темада 3–5 мүнөттүк үзүндүлөрдү айтышты. Катышуучулардын аткаруучулук чеберчилиги, манасчылык өнөрдү өздөштүрүү деңгээли жана айтуучулук өзгөчөлүктөрү калыстар тобу тарабынан бааланды.
Кароо-сынактын кийинки айлампасы 22-октябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында өтөт.