Дүйнөлүк жана улуттук классика: Опера жана балет театрында концерт өтөт

Маданият 5 октябрь 2026 15:55
Дүйнөлүк жана улуттук классика: Опера жана балет театрында концерт өтөт
copyright icon WWW

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 10-октябрда саат 17:00дө ”Колесо фортуны” аттуу концерт өтөт.

Театрдын маалыматына караганда, концерттин программасында дүйнөлүк жана улуттук классиканын белгилүү жана популярдуу чыгармалары аткарылат. Аларды театрдын опера солисттери, академиялык хору жана симфониялык оркестри тартуулайт. Чыгармаларда каармандардын образдары, тагдырлары жана сезим-туюмдары чагылдырылат.

Ар бир музыкалык баяндама ар бир адамга жакын түбөлүктүү темалар — сүйүү жана жалгыздык, берилгендик жана тандоо, үмүт жана өзгөрүүлөрдүн сөзсүз келиши менен чакан жолугушуу тартуулайт.

Дирижёрдук пультта — Захар Бутенко жана Семетей Султанов. Режиссёр — Найля Рахмадиева. Башкы хормейстер — КР эл артисти Карагул Тиленчиев.