“Учур” театры Казандагы эл аралык фестивалга катышууда

Маданият Загрузка... 13 Июнь 2025 10:27
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 13.06.25 /Кабар/. “Учур” мамлекеттик жаштар театры Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан түрк тилдүү элдердин XVII Эл аралык «Науруз-2025» театр фестивалына катышууда. Бул тууралуу театр социалдык баракчасына жарыялады.

“Учур” театры анда Г.Камал атындагы Татар академиялык театрында “Чиркин өмүр” спектаклин тартуулап, уюштуруучулардын атайын сыйлыгына ээ болгону айтылат.

Спектаклдин режиссёру — Уланмырза Карыпбаев, ал эми театрдын көркөм жетекчиси — Шаршен Шейшенов.

Белгилей кетсек, 9-июнда башталган түрк тилдүү элдердин XVII Эл аралык «Науруз-2025» театр фестивалы 22-июнга чейин уланат. Казань шаарында өтүп жаткан бул иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Адыгей, Алтай, Крым, Хакасия, Чечня, Чувашия, Якутия сыяктуу Россиянын улуттук республикаларынан барган 15 театр катышууда.