"Учкунда" басылып жаткан 9-класстын окуу китептери жакынкы күндөрү мектептерге жеткирилет

Коом 27 август 2025 16:10
538964464_1209396527900756_2092128918982183260_n.jpg
538995079_1209396394567436_5999862478862455476_n.jpg
540095808_1209396021234140_2334683590409258272_n.jpg
541056962_1209396201234122_6197348581959560197_n.jpg
540873781_1209396384567437_3740019294212726743_n.jpg
539936533_1209396231234119_5257375685081199190_n.jpg
Алдыга
Артка
538964464_1209396527900756_2092128918982183260_n.jpg
538995079_1209396394567436_5999862478862455476_n.jpg
540095808_1209396021234140_2334683590409258272_n.jpg
541056962_1209396201234122_6197348581959560197_n.jpg
540873781_1209396384567437_3740019294212726743_n.jpg
539936533_1209396231234119_5257375685081199190_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасындагы басылып жаткан 9-класстын окуу китептери жакынкы күндөрү мектептерге жеткирилет. Бул тууралуу ЖМК өкүлдөрүнүн аталган басмаканага болгон пресс-турунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, учурда басмаканада 3, 4, 5, 6,7, 8, 9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу иши аяктап калды. Окуу китептеринин жалпы нускасы 1,9 миллиондон ашат.

3, 4, 5, 6, 7, 8-класстар үчүн толугу менен басып чыгарылган англис тили окуу китептери мектептерге таратылды.

Ал эми учурда 9-класстар үчүн окуу китептери басылууда жана жакынкы күндөрү мектептерге жеткирилет.

Кийинки этапта 1, 2, 5, 7-класстар үчүн математика жана табият таануу предметтери боюнча окуу китептери басылып чыгат.

Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана анын орун басарлары Надира Жусупбекова, Лира Самыкбаева, ошондой эле Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова, “Учкун” ААКнын башкы директору Бакыт Султанов, “Окуу китеби” басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов жана башкалар катышты.

Ошондой эле Агартуу министрлигинен белгилешкендей, “Окуу китеби” платформасын ишке киргизди. Бул платформа окуу процессин үзгүлтүксүз камсыз кылууга, басылып чыккан китептерди жеткирүү мөөнөтүнө көз каранды болбоого мүмкүндүк берет жана окуу китептерине бирдиктүү санариптик жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

Бул платформа “Күндөлүк” жана “Санарип кампа” системалары менен интеграцияланган. Эми окуучулар электрондук китептерди акысыз колдоно алат жана авторизациядан өткөндөн кийин аларды оффлайн режимде жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.