Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Бишкектин Учкун конушунда жайгашкан №89 орто мектептин аймагына кошумча имарат курула баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы имараттын жалпы аянты 5607 чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттуу болуп, жер төлөсү менен 570 окуучуга (20 класс) ылайыкталган.
Имаратта окуу кабинеттер, устаканалар, китепкана жана окуу залы, актовый жана спорт залдары, медициналык блок, ашкана жана тамактануучу зал каралган. Ички жасалгалоо санитардык талаптарга ылайык жүргүзүлөт: даараткана жана ашкана бөлмөлөрүнүн дубалдары плитка менен капталат, полу кафель менен жабылат, дубалдары жана шыптары суу эмульсиялуу боёк менен боёлот.
Учурда аталган жерде котлованын казуу иштери жүрүп жатат. Курулушту аяктоо 2026-2027-жаңы окуу жылынын башталышында пландалууда.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик сейсмотуруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча №89 мектептин имараты авариялык абалда деп аныкталган. Жаңы корпустун курулушу президенттин токтомуна ылайык, Бишкек шаарында социалдык объектилерди тездетип долбоорлоо жана куруу алкагында жүргүзүлүүдө.