Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. 2024-жылы “Учкун” ишканасы мамлекетке 278,2 млн сом салык төлөп, өлкөдөгү эң ири салык төлөөчү компаниялардын катарына кирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары “Учкун” акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Маалыматта айтылгандай, “Учкун” ачык акционердик коому президенттин Иш башкармалыгына өткөндөн бери техникалык жактан жаңыланып, өлкөдөгү ири киреше алып келген ишканалардын сап башына чыккан.
Алсак, отунду маркалоо багытында 2024-жылы күйүүчү майды маркалоодон түшкөн акциздик салыктын көлөмү 1,43 млрд сомду түзгөн. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 578,7 млн сомго көп. Ал эми 2025-жылдын январь-февраль айларында акциздик салыктан 770 млн сом түшкөн.
Ошондой эле президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов эл өкүлдөрүнө маалымдагандай, “Учкун” ишканасы 2024-жылы 1,7 млрд сом киреше тапкан.
Мында эл өкүлдөрү “Учкунда” жасалып жаткан жаңылануулар ишкананын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип жаткандыгын белгилешти.