ИДП 10,5 пайызга өстү: Кыргызстандын экономикасынын 10 айдагы жыйынтыгы

Экономика
ИДП 10,5 пайызга өстү: Кыргызстандын экономикасынын 10 айдагы жыйынтыгы
copyright icon WWW

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 2026-жылдын январь–октябрь айларында 1 триллион 866,4 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,5 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, он айда өнөр жай продукциясынын көлөмү 770,9 миллиард сомго жетти. Өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн индекси 2025-жылдын январь–октябрь айларына салыштырмалуу 105,2 пайызды түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнө тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды жана тамеки буюмдарын өндүрүүнүн 10,1 пайызга, фармацевтикалык продукцияларды чыгаруунун 13,5 пайызга, курулуш материалдарын өндүрүүнүн 29,3 пайызга көбөйүшү өбөлгө түздү.

Ошондой эле жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык продукцияларды өндүрүү 36,5 пайызга, транспорт каражаттарын чыгаруу 38,3 пайызга өстү. Тазаланган мунай заттарын өндүрүү 1,8 эсеге, химиялык продукцияларды чыгаруу 2,4 эсеге көбөйдү. Ал эми пайдалуу кендерди казып алуу 7,5 пайызга өскөн.

Экономиканын башка тармактарында да оң динамика байкалды. Тактап айтканда, курулуш тармагынын көлөмү 1,6 эсеге, айыл чарбасы 4,7 пайызга, дүң жана чекене соода 4,3 пайызга өстү.

Ошол эле учурда 2026-жылдын январь–октябрь айларында республика боюнча керектөө баалары жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын декабрына салыштырмалуу 8,8 пайызга жогорулады.

Анын ичинде азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 7,7 пайызга, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдары 8 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 7,6 пайызга кымбаттады. Ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 12,2 пайызга өстү.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин эң жогорку өсүшү Ош облусунда катталып, 17,1 пайызды түздү. Бул аймакта азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 11,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдары 28,4 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 13 пайызга кымбаттаган. Калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 29,5 пайызга жогорулаган.