Убактылуу уюштурулган Батыш автобекетинде жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай ачылды

Коом 7 март 2025 11:03
481898118_1072383254937528_1419226995174113168_n.jpg
481765535_1072383251604195_3646941708601122881_n.jpg
481699332_1072383168270870_3469714946161552014_n.jpg
482087628_1072383171604203_6831368272093793604_n.jpg
481663283_1072383158270871_6917081759806653086_n.jpg
Алдыга
Артка
481898118_1072383254937528_1419226995174113168_n.jpg
481765535_1072383251604195_3646941708601122881_n.jpg
481699332_1072383168270870_3469714946161552014_n.jpg
482087628_1072383171604203_6831368272093793604_n.jpg
481663283_1072383158270871_6917081759806653086_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Убактылуу уюштурулган Батыш автобекетинде жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев Ош, Баткен, Талас жана Жалал-Абад облустарына каттамдар каттаган убактылуу автобекеттин аймагын текшерди.

Калаа башчысы автобекеттин аймагын көрктөндүрүү иштери менен таанышып, айдоочулардын жана ижарачылардын көйгөйлүү маселелерин жана сунуштарын укту. Ошондой эле тиешелүү кызматтарга дренаждык иштерди жүргүзүүнү жана автобекеттин аймагына шагыл төгүүнү тапшырды.

Муну менен катар, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына Ош базарынын жана эски батыш автобекетинин аймагында мыйзамсыз жүргүнчү ташыган таксисттерге тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Мындан сырткары автобекеттин аймагында 100 жүк ташуучу унаага ылайыкталган аянтча уюштурулуп, учурда аталган жерге күзөт посту орнотулуп, айланасына шагыл төгүлдү. Аба ырайы жылыса асфальт төшөлөт. Келечекте мекемеде май алмаштыруу, унаа жуучу, вулканизация кызматтары, ошондой эле айдоочулар үчүн ашкана ачылат.

Белгилей кетсек, жаңы оор жүк ташуучу унаа токтотуучу жай күнү-түнү иштейт.

Эске салсак, учурда №13, №40, №19 жана №32 автобус каттамдары убактылуу Батыш автобекетине каттайт.