Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Билол Шарип уулу Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 65 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/16 финалдык айлампадан баштаган.
Билол Шарип уулу АКШ, Грузия жана Казакстандын балбандарын утуп, жарым финалга чейин жеткен.
Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта кыргызстандык балбан өзбекстандык балбанга утулуп калган. Ал эми үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Азербайжандын балбанын 1 мүнөт 57 секунддун ичинде 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.
Жыйынтыгында Билол Шарип уулу 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.