(U-23). Балбан Нурзат Нуртаева дүйнө чемпиону болду

Спорт Загрузка... 24 Октябрь 2025 00:29
3370681.8b52e1d64e1d36bef4c7efeac8da70a2.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Ал 72 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдык айлампадан баштаган.

Алгач германиялык балбанды утуп, андан сон чейрек финалда россиялык атаандашын жеңген.

Жарым финалда Нурзат Нуртаева япониялык спортчуну 6:3 эсебинде утуп алды.

Ал эми алтын медаль үчүн болгон беттеште кыргызстандык спортчу АКШы балбаны Жасмин Долорес Робинсон менен кез келип, 11:10 эсебинде жеңип, алтын медалга татыды.

Белгилей кетсек, Нурзат Нуртаева жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинин күмүш медалынын ээси, Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азиянын эки жолку чемпиону, ошондой эле 2025-жылдагы чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыган.