U-20: Жантөрө Мирзалиев күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды

Спорт Загрузка... 23 Август 2025 23:24
3408601.42b6b603164330fa0ce530c55099b275.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.08.25. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Жантөрө Мирзалиев грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмактык категорияда жаштар арасындагы дүйнө чемпиону аталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Жантөрө Мирзалиев турнирдеги биринчи беттешинде Беларусь балбаны Ихар Зварыкинди 9:0 эсебинде жеңген. Андан кийин, 1/8 финалда швейцариялык Робин Бруннерди 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.

Чейрек финалда ирандык балбан Хоссейн Абдовалини 5:3 эсебинде жеңип, жарым финалга өткөн. Жарым финалда өзбекстандык Фаёзбек Эшмирзаевди 5:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Ал эми чечүүчү беттеште 2024-жылдын жаштар арасындагы дүйнө жана Европа чемпиону болгон россиялык Эрза Закриев менен күч сынашып, курч таймашта 3:2 эсебинде жеңишке жетишип, алтын медалга жана жаштар арасындагы дүйнө чемпиону наамына ээ болду.

Бул жеңиши менен Жантөрө Мирзалиев кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон алтынчы балбан болуп калды. Буга чейин бул наамга төмөнкү спортчулар ээ болгон:

Уран Калилов (1998), Жанарбек Кенжеев (2005), Калы Сулайманов (2016), Эрбол Бакиров (2018), Асан Жанышов (2024).