U-20: Дүйнө чемпионатында эркин күрөштөн 9 балбан өлкө намысын коргойт

Спорт Загрузка... 17 Август 2025 10:58
751745.8f6853fb6673a93d3302344077335acc.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.08.25. /Кабар/. 17-августтан 24-августка чейин Болгариянын Самоков шаарында U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат.

Сегиз күнгө созулган бул эл аралык мелдешке жалпы 650 балбан чогулат. Алардын ичинен 233ү эркин күрөштө, 231и грек-рим күрөшүндө, ал эми 186сы кыз-келиндер күрөшүндө күч сынашат.

Ушул жылы мелдешке былтыркы турнирге катышкан 186 балбан кайрадан келди. Алардын катарында эркин күрөштө – 11 медаль ээси, анын ичинде 1 чемпион, грек-рим күрөшүндө – 10 медаль ээси, алардын үчөө былтыркы чемпиондор, кыз-келиндер күрөшүндө – 17 медаль ээси жана үчөө чемпион наамын коргогону келет.

Чемпионат эркин күрөш менен башталат. Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы 9 салмак категориясында катышат.

Кыргызстандын курамасы – эркин күрөш (U-20):

  • Баяман Керимбеков - 57 кг;
  • Аскат Токтоматов - 61 кг;
  • Өмүрбек Асан уулу - 65 кг;
  • Залкарбек Табалдиев - 70 кг;
  • Адилет Акылбеков - 74 кг;
  • Максат Табылдиев - 79 кг;
  • Элнур Акыбаев - 86 кг;
  • Айтеңир Максатов - 97 кг;
  • Жаргалан Будажапов - 125.

Улуттук курама команданын улуу машыктыруучусу - Алмазбек Аскаров.