U-17. Бүгүн Грецияда күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат

Спорт Загрузка... 28 Июль 2025 12:00
666666_730x0_730x0.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Бүгүн, 28-июлда Грециянын борбору Афина шаарында кадеттер арасында спорттук күрөш боюнча U-17 (17 жашка чейинки балбандар) дүйнө чемпионаты башталат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, алгач грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге чыгып, 48 кг, 55 кг, 65 кг, 80 кг жана 110 кг салмактык категорияларында күрөшөт.

Аталган мелдеште Кыргызстандын намысын беш спортчу коргойт. Алар Жанарбек Сейитов (48 кг), Алхам Абдирасулов (55 кг), Адилет Өмүрбеков (65 кг), Нурислам Өскөнбаев (80 кг) жана Умар Орманов (110 кг).

Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 13:30 да башталат.

Көңүл жубатуучу жана финалдык беттештер эртең болот.