U-17. Балбан кыздар Азия чемпионатында 3 медалга ээ болду

Спорт 26 июнь 2025 15:26
U-17. Балбан кыздар Азия чемпионатында 3 медалга ээ болду
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасы (U-17) Азия чемпионатында 3 коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Вьетнамдын Вунг Тау шаарында өтүп жатат.

Коло медаль ээлери:
53 кг Бактыгүл Жуманазарова;
69 кг Аяна Асамаликова;
73 кг Меруерт Октябрьева.

Курама команда улук машыктыруучу Нурсултан Аскарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.