Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 506-508-чакырымдар аралыгындагы Түз-Бел ашуусу ачылып, каттам берилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта аймакты караган № 957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кеңейтүү, инерттик материалдарды чачуу иштери уланууда.
Белгилей кетсек, кечээ, 10-декабрь күнү Түз-Бел ашуусунда жол көрүнбөй, сааттап болгон катуу бороондон улам унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.