Түз-Бел ашуусунда унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди

Аймак 10 декабрь 2025 22:33
Түз-Бел ашуусунда унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Саат 21:00гө карата Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы Түз-Бел ашуусуна унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган аймакта катуу бороон болууда.

"Шамал басылары менен аймакты караган Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери уланат",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк ашууларда кар жаап, жолдорго чектөөлөр киргизилген. Жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.