Кыргызстанда ички жана тышкы инвесторлордун катышуусунда инвестициялык келишимдерге кол коюлуп, долбоорлорду ишке ашыруу иштери уланууда. Инвестициянын көлөмүнүн өсүшүнө акыркы жылдары өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган иштер таасирин тийгизип жатат дешет адистер. Бул ирет биз Кыргызстанга инвестиция салам деген чет элдик болобу, ички инвестор болобу кайсы тармакта ишин баштоого кызыкдар экенин талдап көрөбүз.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик “Кабар”агенттигине билдиргендей, 2024-жылы өлкөгө келген чет өлкөлүк инвестициялардын 29,7%ы (221,5 млн АКШ доллары) Кытайдан келсе, Россиядан 192,8 млн АКШ доллары (25,8%), андан ары Түркия – 71,3 млн АКШ доллары (9,6%), Казакстан – 48,9 млн (6,6%), Нидерланддардан 33,1 млн АКШ доллары (4,4%) суммасына бааланган инвестиция келген. Мындан тышкары, 2024-жылы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн 456,6 млн АКШ доллары келип түшкөн. Бул көрсөткүчтөр эл аралык инвесторлордун кызыгуусунун жогорку деңгээлин, ошондой эле инвестициялык активдүүлүктүн турукташтырылганынан кабар берет.

Инвестициялык климатты жакшыртууга мамлекет тарабынан инвесторлорго түзүлгөн шарттар оң натыйжасын берди. Атап айтсак:
- мамлекеттин саясаты;
- жаңы өндүрүштөрдү ачуу үчүн реформалар;
- мамлекеттик кызматтарды алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
- бизнес-чөйрөнүн ачыктыгын жогорулатуу;
- бюрократияны минималдаштыруу;
- жаңы ишканаларга салык жеңилдиктерин берүү.
Кыргызстанда инвестициялардын агымын көбөйтүү максатында дагы да мыйзамдык базаны чыңдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Өткөн айда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Документ улуттук жана чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан Кыргызстандын аймагында тике инвестицияларды жүзөгө ашырууда келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салуу максатында даярдалган.

Мыйзам мамлекеттин инвестициялык саясатынын принциптерин белгилеп, инвесторлордун укуктарын камсыз кылуунун кепилдиктерин, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын коргоонун механизмдерин жана инвестициялык иштин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн аныктайт.
- реалдуу экономикалык өсүштүн ар жылдык темпин орточо 5% деңгээлинде камсыз кылуу;
- калктын жан башына ИДПга 1500 АКШ долларынан кем эмес жетишүү;
- жумушсуздуктун деңгээлин 5% деңгээлге чейин төмөндөтүү;
- ИДПга карата 13%дан кем эмес көлөмдө түз чет өлкөлүк инвестициялардын ар жылдык агымын камсыз кылуу.
Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, бул мыйзамдын кабыл алынышы бүгүнкү күндө эл аралык стандарттарга туура келген кадамдардын бири болду.

“Жаңы мыйзам мурдагы мыйзамдагы боштуктарды жоюп, мамлекет менен инвесторлордун ортосунда мамилелер кандай болушу керек экендигин аныктап жаткандыктан, бардык инвесторлор үчүн тең шарттарды түзүп берет. Биз инвесторлордун бирдиктүү реестрин түзүп, ошол эле учурда “бирдиктүү терезе” деген аныктаманы да жүзөгө ашыруу багытында иштеп жатабыз. Өнүккөн мамлекеттерде учурда, маселен, Сингапур, Малайзия, Грузияда бул аныктамалар иштейт. Биз жаңы мыйзамдын алкагында, ченемдик-укуктук актыларды жана башка бир катар пландарды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Ири долбоорлорго инвестицияларды тартууга маани берилүүдө. Ошол эле маалда ички инвесторлордун салымы да абдан маанилүү. Анткени ички инвесторлордун катышуусу менен экономиканын туруктуулугу камсыздалат”, - деди ал.

Өлкөгө ар кыл тармакты камтыган инвестициялардын келишинин көбөйгөнүнө Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев да кошулат. Анын айтымында, өлкөдө азыр ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлордун катарына “Камбар-Ата-1 ГЭСи”, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун” куруу долбоорлору кирет. Мындан тышкары, чакан жана орто инвестициялык долбоорлордун саны артууда.

“Инвесторлордун катышуусунда бизнес борборлор, турак жайлар курулууда, өндүрүш тармагында жаңы завод, ишканалар ачылып жатат. Машиналар чыгарылууда. Ар бир облуста аэропорттор иштеп баштады. Ондогон мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлор ишке ашып жатат. Ошондой эле инвесторлор энергетика тармагына артыкчылык да берип, чакан ГЭСтер курулууда, айрымдарынын долбоорлору даярдалып жатат. Мындан улам кайсы тармакты карабайлы, азыр ири көлөмдө өлкөгө инвестиция келип жатат. Жасалма интеллект жана башка жаңы технологияларды камтыган долбоорлорду ишке ашырууну күчөтүшүбүз шарт. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы да долбоорлорду өнүктүрүшүбүз кажет. Албетте, биз эми бул деңгээл менен токтоп калбашыбыз керек. Экономиканы өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартышыбыз зарыл. Ал үчүн инвестициялык климатты дагы да чыңдашыбыз керек. Инвестиция тартуу дүйнөдө бул чоң атаандаштык, биз муну түшүнүшүбүз керек. Инвесторлор кайсы мамлекетке барайын, кайсы жерде жагымдуу шарттар бар деп издешет. Ошол үчүн ишкерлерге ар бир мамлекет жагымдуу жана ыңгайлуу шарт түзгөнгө аракет жасап келишет. Биз да ошолордон калбай, улам биздин климатты жакшыртышыбыз абдан маанилүү. Менин оюмча, биз азыр жакшы багытта баратабыз”, - деп белгиледи Улук Кыдырбаев.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 9 айында Кыргызстанга тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 746, 9 млн АКШ долларын түзгөн. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 92,3 млн АКШ долларына (14,1%) өскөнүн көрсөтүп турат, анда тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 654,6 млн АКШ долларына жеткен.