Үрөй учурган кырсык: Чүйдө унаа дарыяга кулап, үч адам каза болду

Кырсык Загрузка... 16 Февраль 2026 11:40
22.webp
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Чүй облусундагы "Тёплые ключи" эс алуу жайынын аймагында жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Хюндай Соната" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, жардан Аламүдүн дарыясына кулап кеткенин аныктаган.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана болжол менен 20-25 жаштагы эки кыз алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан. Мындан тышкары, унаанын ичиндеги 24 жаштагы Ж.А. аттуу жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Учурда каза болгон эки кыздын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат. Аталган факт боюнча окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган ар тараптуу жана объективдүү текшерүү иштери башталды.