Түнү менен кафе-ресторандардан чыккан музыка, курулуш объекттериндеги техникалардын үнү... Мунун баары жарандардын тынчын алып, даттануулар байма-бай болуп келгени белгилүү.

Былтыр, 2024-жылдын декабрь айында президент Садыр Жапаров “Тынчтык жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

Ага ылайык, үн басымынын жана ызы-чуунун тыюу салынган убактылары белгиленген:
- Жумуш күндөрү – кечки саат 22:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин;
- Дем алыш жана майрам күндөрү – кечки саат 22:00дөн таңкы саат 09:00гө чейин.

Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерге төмөнкүлөр кирет:
– Телевизор, радио жана башка үндү кайталап чыгарган түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде унааларда, соода объектилеринде, көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында жана коомдук тамактануу жайларында орнотулган түзүлүштөрдү пайдалануу;
– Музыкалык аспаптарда ойноо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоо;
– Тартип бузуучулар тарабынан иштетилген күзөт сигнализациясынын, унаалардын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, унаалардын сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратуу;
– Пиротехникалык каражаттарды пайдалануу;
– Адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө, тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык каражаттарды иштетүү;
– Белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда жана орун жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттер.

Мыйзам күчүнө киргенден тарта ар бир облуста жергиликтүү бийлик тарабынан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
“Тынчтык” мыйзамынын алкагында Бишкек шаарынын Свердлов районунун муниципалдык администрациясы укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана Муниципалдык аймактык башкармалыгынын соода бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте коомдук тамактануучу жана көңүл ачуучу жайларда рейд жүргүзүп жатат.
Акимчиликтен белгилешкендей, рейд учурунда мекеме жетекчилери менен мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери улантылууда.
Борбор калаадагы ресторандардын биринин администратору Нооруз Райымовдун айтымында, мыйзамдын талаптарын так сактоо керек экендигин кардарлар түшүнүү менен кабыл алып жатат.

“Шаар ичинде биздин төрт рестораныбыздын экөөндө гана музыка коюлат. Биз жаңы кабыл алынган мыйзам менен иштеп, тынчтыкты сактап жатабыз. Саат кечки онго чейин бийлөөгө ылайыктуу музыкаларды коёбуз. Андан кийин мыйзам чегинде тынчтыкты бузбаган жай музыкалар болот. Ар бир кардарыбызга мыйзам тууралуу айтып, аны сактоону түшүндүрүп жатабыз. Биз конокторубуз менен бул боюнча алдын ала сүйлөшөбүз. Бул багытта жумасына эки жолу текшерүү да келип турат”, - деди ал.
Белгилей кетсек, “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын алкагында Ички иштер министрлиги тарабынан “Чылым чегүү” жана “Тынчтык” аттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө. Өткөн аптада Бишкек ШИИББ, Бишкек мэриясы жана шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен биргеликте алдын алуу иш-чаралары уюштурулган. Анда кафе-ресторан, банкет зал, эс алуучу жайлары жана сейил бактар текшерилди. Шаардык администрациялар жана саламаттык сактоо мекемелери түшүндүрүү иштери жүргүзүштү. Текшерүү учурунда бир нече клуб жана кафелерде тамеки чегүү фактылары аныкталып, Укук бузуулар кодексине ылайык, 110 миң сомго жакын айып салынды. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы коомдук жай жана көчөлөрдө түнкү тынчтыкты көзөмөлдөө иштерин улантууда.