"Тынчтык жөнүндө" мыйзам: Бишкекте түнкү рейддер уланууда

Коом 36 11 Август 2026 10:05
1.jpg
764938152_1057342063687282_1253169572381924267_n.jpg
768408737_1068195062530435_5591017813181702600_n.jpg
768529170_1051732977594556_8838413563665938563_n.jpg
769113353_2150068005569613_4248661455049966356_n.jpg
769222240_1813646129795415_506284493192800785_n.jpg
769318063_2497248890787552_2337023709306075410_n.jpg
771519822_1019825554207598_6362102919464672724_n.jpg
771589657_1056264700669522_1922624563970208175_n.jpg
772109488_914213071144589_3054419224569594270_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Бишкектин төрт районунда "Тынчтык жөнүндө" мыйзамынын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мэриянын маалыматына ылайык, текшерүүгө райондук администрациялардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышууда.

Анын жүрүшүндө коомдук тамактануучу жайлар, курулуп жаткан объекттер жана футбол аянтчалары текшерилди. Мыйзам бузуу фактылары аныкталган жок.

Ошондой эле мекемелердин жооптуу кызматкерлерине тынчтык режимин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык, жумуш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин тынчтык сакталууга тийиш.