ШКУ өлкөлөрү аскердик тажрыйба алмашууну күчөтөт

Коом 6 июль 2026 14:50
739188064_1179306897693551_6822526706126937743_n.jpg
740903122_1577499767095369_3556364087571080972_n.jpg
740249495_1786165669219589_328947247341400075_n.jpg
738745419_1322658853288419_275872725712138081_n.jpg
739188064_1179306897693551_6822526706126937743_n (1).jpg
740106149_1354245686859278_699835033964081619_n.jpg
739313288_2823805764666576_2379225747002849180_n.jpg
740286112_2107197026866142_5181386392838682853_n.jpg
740812637_2075426887191752_8236280630591611181_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешмесине караштуу Эксперттик жумушчу топтун XXVI жыйыны өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, жыйынга Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия жана Тажикстандын коргоо ведомстволорунун делегациялары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар уюмдун алкагындагы аскердик кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, аймактык коопсуздукту чыңдоо жана биргелешкен иш-чараларды даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

"Сүйлөшүүлөрдүн алкагында тараптар өз ара ишеним жана тең укуктуулук принциптерине негизделген көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган сунуштарды карап чыгышты", - деп айтылат маалыматта.

Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар коргоо ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерди макулдашып, Эксперттик жумушчу топтун XXVI жыйынынын расмий протоколуна кол коюшту. Бул иш-чара ШКУ өлкөлөрүнүн аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерин дагы бир ирет тастыктады.