Тынчтык жөнүндө мыйзам. Ресторан, кафе, клубдар 22:00дө жабылышы керек – Ташиев

Коом Загрузка... 13 Ноябрь 2025 12:30
WhatsApp Image 2025-11-13 at 12.07.02 (1).jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Түнкү убакта элге тынчтык берүүгө багытталган мыйзам бардык жерде аткарылбай жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион ТВ” телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, кечки саат 22:00дөн кийин бардык той, оюн-зоок иш-чаралары, түнкү клуб, кафе-ресторандар ишин токтотушу керек. Анткени, элге саат 22:00дөн 07:00гө чейин тынчтык шарттары камсыздалууга тийиш.

"Тилекке каршы, бул талап аткарылбай жатат. Жакында кесиптешимдин тоюна барсам, той түнкү 00:00гө чейин уланды, эч ким кийлигишкен жок. Башка бир тууганымдын тою да 23:00гө чейин созулду. Бул мыйзамдын аткарылбай жатканын далилдейт. Мындай учурларга жооптуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тагыраагы акимдер, мэрлер жана облус жетекчилери", - деди Ташиев.

Ал жергиликтүү жетекчилерге катуу эскертүү берип, эгер талап аткарылбаса, тойканалардын жана кафелердин электр жарыгын саат 22:10до өчүрүүнү тапшырды.

“Жергиликтүү бийлик органдарына эскертүү берем. Мындан кийин бардык кафе, тойкана, түнкү клуб, оюн-зооктор 22:00дө ишмердүүлүгүн токтотушу керек. Эгерде токтотпосо электр жарыгын өчүрүп койгула. Саат 22:10до бардык тойкана, кафелердин свети өчүрүлсүн. Эгерде жыйнай турган болсоңор, эртеси күнү эрте менен эрте келип жыйнап, тазалагыла”,-деди ал.