Тынч океандагы “Поло” ураганы күчөп, эң жогорку категорияга жетти

Дүйнө 23 сентябрь 2026 14:40
Тынч океандагы “Поло” ураганы күчөп, эң жогорку категорияга жетти
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 23.09.26 /Кабар/. Тынч океандагы “Поло” ураганы Саффир–Симпсон шкаласы боюнча эң жогорку — бешинчи категорияга чейин күчөдү. Бул тууралуу Мексиканын Улуттук суу ресурстары комиссиясына таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, ураган азыр Герреро штатынын Сиуатанехо шаарынан 355 чакырым түштүктө, Колима штатындагы Мансанильо шаарынан 580 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 72 жана 87,5 метрге чейин жетүүдө. Ураган чыгышты көздөй саатына 9 чакырым ылдамдыкта жылууда.

Ураган Колима, Мичоакан, Герреро жана Оахака штаттарында нөшөрлүү жаан-чачынды алып келиши мүмкүн. Бул аймактарда 75-150 миллиметрге чейин жаан жаашы күтүлүүдө. Жалискодо да катуу жаан-чачын болжолдонууда.

Мындан тышкары, Мичоакан жана Герреро штаттарынын жээктеринде толкундун бийиктиги 3-4 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Бийлик Герреро штатындагы Текпан-де-Галеана шаарынан Колима штатындагы Мансанилього чейинки аймакта тропикалык бороонго байланыштуу эскертүү режими күчүндө экенин эскертет.