Тыгындын алдын алуу: Милиция Бишкек – Торугарт жолунда күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Коом Загрузка... 13 Июль 2026 17:10
730109500_1706559743759044_1682646641099348099_n.jpg
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Дем алыштан кийин Ысык-Көлдөн кайткан жарандардын жана унаалардын агымы кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу, Бишкек – Торугарт унаа жолунда Чүй облусунун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Милициядан билдиришкендей, бул иш-чаралар трассадагы жол тыгындарын алдын алуу жана унаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жүрүшүн камсыз кылуу максатында уюштурулууда.

"Милиция кызматкерлери жол кыймылын түз жөнгө салып, кооптуу тилкелерде нөөмөттө турушуп, айдоочулар арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана ылдамдыкты ашырбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жол белгилеринин жана тартип сакчыларынын мыйзамдуу талаптарын так аткаруу эскертилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Чүй облустук милициясы бардык айдоочуларды жана жол кыймылынын катышуучуларын сабырдуу болууга, жолдо бири-бирин урматтоого жана кырсыктарды алдын алуу үчүн эрежелерди так сактоого чакырат.