Тыгынды азайтуу: Манаста Көк-Арт дарыясын бойлой жаңы жол курулууда

Аймак Загрузка... 03 Февраль 2026 14:08
1.png
copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Көк-Арт дарыясынын жээгин бойлой Бишкек – Ош жолу менен Манас – Благовещенка жолун бириктирген жаңы жол курулууда. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынан билдиришти.

Жол манас шаарына кирүүчү негизги жолдордогу унаа тыгындарынын алдын алуу жана айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында курулууда.

Белгиленгендей, жолдун узундугу 9 чакырымды, туурасы 8 метрди түзөт. Курулуш иштерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүргүзүүдө.