Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов "Кабар" агенттигинин түз эфиринде шаарда жол түйүндөрүн куруу пландалып, ал боюнча план иштелип чыгып жатканын айтты.
Учурда транспорттук түйүндөрдү куруу пландалып жаткан 8-12 көчөнүн кесилиши аныкталганын айтты.
Анын айтымында, кийинки жылы Анкара жана 7-апрель көчөлөрүнүн, Лев Толстой жана Жаш Гвардия бульварынын кесилиштеринде эки жол түйүнүн куруу башталат.
"Биз адистерибизди тажрыйба алмашуу үчүн чет өлкөлөргө жиберебиз. Ошондой эле чет өлкөдөн атайын адистерди алып келебиз. Мисалы, жол кыймылын автоматташтырылган башкаруу системасы (АСУД) боюнча Россиянын адистери менен иштештик. Жол тыгындарыбызды биз эле эмес, башка өлкөлөр да билет. Түрктөр, арабдар, кытайлар жана беларустар бизге бул көйгөйдү чечүү боюнча сунуштары менен кайрылышкан. Бирок, мунун баары каржылоого келип такалат. Азыр мамлекет өнүгүп, бюджет толукталып жаткандыктан, биз лампочкалуу светофорлордун ордуна "акылдуу" светофорлорду өзүбүз орнотууну чечтик", - деди Жанболотов.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, Бишкекте 401 светофор бар.
"Биздин кызматкерлер эртең менен төмөн карай Тынчтык, Манас кең көчөлөрүндө, ал эми кечки саат 17:00дөн 20:00-21:00гө чейин 7-апрель, Байтик баатыр көчөлөрүндө жогору карай унааларды жөнгө салышат. Эртең менен жана кечинде кызматкерлер күчөтүлгөн режимде иштешет.
Ошондой эле жол инспекторлору эртең менен саат 07:00дөн 08:00гө чейин бала бакча жана мектептердин айланасында унаалар токтоп, тыгын пайда кылышпасын деп күзөтүшөт, балдардын жөө өтмөктөрдөн өтүүсүнө жардам беришет", - деди ал.