Тоң районунда селден коргоочу жаңы дамба курулду

Аймак 13 Апрель 2026 17:50
670654785_1362529725919750_6593598550791191683_n.jpg
670949097_1362529825919740_1924704641185166475_n.jpg
669632959_1362529772586412_3671499753423618136_n.jpg
672207319_1362529795919743_2110729415017851180_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМ

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Тоң районунун Туура-Суу айылында Зындан тоо көлүнөн коргоочу дамба курулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 284 метрлик селден коргоочу дамба Туура-Суу айылын жана ага чектеш аймактарды селден коргоо максатында курулду. Ал андан ары пайдалануу жана тейлөө үчүн жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилди.

"Курулуш иштери ӨКМдин Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбору тарабынан жүргүзүлүп, ЮНЕСКОнун “GLOFCA — Борбор Азия аймагындагы калктын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга багытталган долбоору” тарабынан каржыланды",-деп айтылат билдирүүдө.