Күз-кыш мезгили жакындап, электр энергиясын колдонуу көбөйүп жатканына байланыштуу Кыргызстандын энергетиктери жарандарды энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга чакырышууда.
Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, суук мезгилде электр тармактарына жүктөө адаттагыдай эле кечкисин көбөйөт. Туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн энергетиктер тургундардан энергияны үнөмдөөнүн жөнөкөй эрежелерин сактоону суранууда.
Энергетика министрлиги кышка даярдыктын алкагында ГЭСтерде жана ЖЭБде профилактикалык оңдоо иштери жүргүзүлүп, электр чубалгыларын модернизациялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

"Энергияны үнөмдөө – бул акчаны үнөмдөө гана эмес, ар бир жарандын өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна кошкон салымы", - деп белгилешти Энергетика министрлигинен.
Адистердин маалыматы боюнча, тиричиликте электр энергиясын 10-15 пайызга гана кыскартуу да жогорку сааттарда энергетикалык системага болгон жүктүн олуттуу азайышына мүмкүндүк берет.
"Мүмкүнчүлүккө жараша энергия үнөмдөөчү лампаларды колдонуу, тиричилик шаймандарын колдонгондон кийин өчүрүү жана электр жылыткыч жабдыктарды колдонууну чектөө сунушталат. Электр энергиясына үнөмдүү мамиле тармакка болгон жүктү азайтууга жана берүүдөгү үзгүлтүктөрдү алдын алууга жардам берет", — деп белгиледи министр.
Садыр Жапаров: 2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорттобой калабыз
Кыргызстан 2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорттобой калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров күн, мурун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Көл ГЭСинин ачылыш аземинде билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, 2,5 жылда кышкы тартыштык жоюлат.
“Өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө жетет. Азыр ушул тапта кышкысын дагы деле импорт алып жатабыз. Көптөгөн чакан жана орто ГЭСтер салынып ишке берилип жатканы менен завод-фабрикалар, ипотекалык үйлөр, мектеп, бала бакчалар жана башка көптөгөн обьектилер салынып, алар да көп кубаттагы электр энергияны колдонгонуна байланыштуу электр энергиясынын тартыштыгын кууп жете албай жатабыз. Ошондуктан кышкысын свет өчүп жатат деп нааразы болбой 30 жыл чыдаган жаныбыз 2,5 жыл чыдап коёлу”, - деди президент.
Жапаров ошондой эле жарандарды электр жарыгынын убактылуу өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, абал акырындык менен турукташып жатканын белгиледи.
Кышка даярдык
Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине карата масштабдуу даярдык иштери аяктап жатканын билдирди. Ведомствонун карамагындагы бардык ишканалар жабдууларды оңдоп-түзөө жана техникалык жактан тейлөө боюнча тапшырмаларды аткарышты.

ГЭСтерде, көмөкчордондордо, трансформаторлордо, электр берүү линияларында оңдоо иштеринин жүрүшүн министр Таалайбек Ибраев өзү көзөмөлдөөдө. Учурда ГЭСтерде, көмөкчордондордо, трансформаторлордо, электр берүү линияларында оңдоо иштери кызуу уланууда. Мындан тышкары, бир нече жаңы энергетикалык объектилер ишке берилди.
Электр энергиясын кантип үнөмдөөгө болот: Экологиялык таза үйгө карай 9 жөнөкөй кадам
Электр энергиясын үнөмдөө маселеси үй-бүлөлүк бюджет үчүн гана эмес, айлана-чөйрөнү коргоо үчүн да маанилүү. Күн сайын энергия керектөөнү кыскартуу парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтып, өлкөнүн энергосистемасына болгон жүктү төмөндөтөт. Бул тармактагы жүктү азайтууга жана өчүрүүлөр ыктымалдыгын азайтууга жардам берет.
- Энергияны сарамжалдуу пайдаланыңыз
Электр тармагына ашыкча жүк түшпөш үчүн электр шаймандарыңыздын графигин түзүңүз, эң көп учурда — саат 18:00дөн 22:00гө чейин. Мисалы, кир жуугуч машина менен электр мешиңизди эртең менен же түштөн кийин иштетиңиз. Бул тармактагы жүктү азайтууга жана өчүрүү ыктымалдыгын азайтууга жардам берет.

- Энергияны үнөмдөөчү жабдууларга артыкчылык бериңиз
Турмуш-тиричилик буюмдарын сатып алууда электр энергиясын үнөмдөөсүнө көңүл буруңуз. Көрсөткүч канчалык жогору болсо (A, A+, A++) жабдык ошол эле өндүрүмдүүлүктү сактоо менен ошончолук аз энергия керектейт. Бул приборлор колдонуунун алгачкы айларында өзүн актайт.
- Электр жабдыктарыңызды үзгүлтүксүз тазалап туруңуз
Чаң жана кир кондиционерлердин, муздаткычтардын жана электр жылыткычтарынын натыйжалуулугун төмөндөтөт. Чыпкаларды, пломбаларды жана желдеткичтерди үзгүлтүксүз тазалоо шаймандын иштешин жакшыртат жана энергия керектөөнү азайтат.
- Табигый жарыкты колдонуңуз
Күндүз күндүн нурун гана колдонууга аракет кылыңыз. Иштей турган столдоруңузду терезелерге жакын коюп, жарыкты чагылдыруу үчүн ачык түстөгү пардаларды жана дубалдарды тандаңыз. Бул жасалма жарыктандырууну колдонууну азайтат.
- Толугу менен LED-лампаларга өтүңүз
Светодиоддук лампалар (LED) күйгүзүлүүчү лампаларга караганда 6-8 эсе аз энергия сарптайт жана 10 эсе узак кызмат кылат. Бир эле батирдеги жарыктандырууну алмаштыруу электр энергиясын керектөөнү 20-30 пайызга кыскартат.

- Электр шаймандарын күтүү режиминде калтырбаңыз
Телевизорлор, компьютерлер, заряддагычтар өчүк көрүнгөн күндө да энергияны колдоно беришет. Бул «вампирдик энергия» деп аталат. Которгучу бар розеткаларды же чыңалууну жөнгө салгычтарды (сетевые фильтры) колдонуп, шаймандарды толугу менен өчүрүңүз.
- Электр жылытуучу приборлорду сарамжалдуу пайдаланыңыз
Жылыткычтар (обогреватель), бойлерлор жана электр чайнектер — эң көп энергия «жеген» шаймандардын бири. Аларды зарыл болгондо гана колдонууга аракет кылыңыз, ашыкча суу кайнатпаңыз жана жылыткычтарды бош бөлмөдө күйгүзүп калтырбаңыз.

- Турак жайды жылуулоого көңүл буруңуз
Жылуу терезелер менен эшиктер, калың пардалар жана килемдер жылуулукту узакка сактоого жардам берет. Жылуулук жоготуу канчалык аз болсо, жылытуучу приборлорду ошончолук аз колдоносуз — демек, энергия чыгымы азаят.
- Керектөөнү көзөмөлдөө үчүн заманбап технологияларды колдонуңуз
Мүмкүнчүлүк болсо энергия керектөөнү көзөмөлдөөгө жана белгиленген параметрлерден ашып кеткенде техниканы автоматтык түрдө өчүрүүгө мүмкүндүк берген "акылдуу" розеткаларды же эсептегичтерди орнотуңуз. Бул ыңгайлуу жана үнөмдүү.
Энергияны үнөмдөө — бул ар бир адамдын колунан келген жоопкерчилик. Бүгүн үнөмдөлгөн ар бир киловатт Кыргызстанды эртеңки энергетикалык көз карандысыздыкка жакындатат.