Туруктуу өсүү ыргагы: Жылдын беш айы Кыргызстан экономикасы үчүн кирешелүү болду

Экономика Загрузка... 16 Июнь 2026 17:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 781 млрд сомго жетип, өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 12,2%га өстү. Ал эми чет элдик инвестициялар 1,3 млрд долларды түздү. Улуттук статистикалык комитети 2026-жылдын беш айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Эксперттер экономиканын жанданып жатканын белгилеп, темпити сактап калуу боюнча сунуштарды беришүүдө.

Акыркы беш айдын жыйынтыгы Кыргызстандын 2026-жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүчү десек болот. Өлкөнүн Ички дүң продукциясы январдагы 125 млрд сомдук көрсөткүчтөн ай сайын туруктуу өсүп отуруп учурда 781 млрд сомго жетти.

WhatsApp Image 2026-06-16 at 15.55.50.jpeg

  • Январь: 125,7 млрд сом,
  • Январь-февраль: 264,1 млрд сом,
  • Январь-март: 428,6 млрд сом,
  • Январь-апрель: 602,8 млрд сом,
  • Январь-май: 781,0 млрд сом

Бул сумма экономиканын өткөн 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,2%га өскөнүн билдирет. Экономикалык өсүшкө алып келген тармактардын башында курулуш (64,6%), өндүрүш (14,4%), тейлөө (7,0%) жана айыл чарбасы (3,7%) турат. Анын ичинен өндүрүш секторунда химиялык продукцияларды өндүрүү 3 эсе, транспорт өндүрүшү 1,6 эсе өсүп, курулуш материалдарын чыгаруу, пайдалуу кендерди казуу, тамак-аш өндүрүшү жогорулаган.

WhatsApp Image 2026-06-16 at 16.08.21.jpeg

Жалпы айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүштөрдүн баарын бириктиргенде алардын ИДПдагы жалпы үлүшү 51,1%ды түздү.

WhatsApp Image 2026-06-16 at 16.08.51.jpeg

Ал эми чет элдик түз инвестициялардын кириши 2025-жылы 1 млрд 310 млн долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылы 1 млрд доллар чегинде болчу. Инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 80 пайыздан ашыгы транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, дүң жана чекене соода, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.

WhatsApp Image 2026-06-16 at 16.09.13.jpeg

Түз инвестицияларды тартууда Бишкек шаары, Чүй жана Жалал-Абад облустары лидерлик кылууда. Ысык-Көл жана Нарын облустары көрсөткүчтөрүн эселеп көбөйтсө, Талас, Ош, Баткен облустарына түз инвестициялардын кириши азайган.

WhatsApp Image 2026-06-16 at 16.09.32.jpeg

Маянага келсек, 2026-жылдын январь-апрелинде номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы 2025-жылдын январь-апрелине салыштырганда экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды. Алардын ичинде курулуш, билим берүү, маданият, айыл чарбасы, илим, саламаттык сактоо, социалдык тармактар бар.

Ал эми негизги тобокелдиктердин катарында баалардын өсүшү боюнча көрсөткүчтөр турат. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) өлкө боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 4,8 пайызды түздү. Ошол эле убакта жаңы бышкан жашылча, куюлуп сатылуучу сүт, күрүч, жумуртка, сымал айрым продуктулардын баасы төмөндөгөн.

2026-жылдын алгачкы беш айынын жыйынтыктары Кыргызстандын экономикасында жогорку өсүш ыргагы сакталып жатканын көрсөтөт. Экономист Искендер Шаршеев негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө талдоо жүргүзүп, көңүл бура турган жагдайларды белгиледи.

“Негизги түрткү курулуш, өнөр жай, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарынан келип жатат. Айрыкча курулуш секторунун кескин өсүшү экономикага күчтүү импульс берип, жумуш орундарын, материалдарга жана логистикага болгон суроо-талапты көбөйтүүдө. Өнөр жайда да оң динамика байкалууда: иштетүү өнөр жайы, курулуш материалдары, тамак-аш, металл жана башка өндүрүш багыттары өсүшкө салым кошууда. Ошол эле учурда кызмат көрсөтүү сектору экономиканын эң ири бөлүгү бойдон калды. Ал эми соода, мейманкана-ресторан жана байланыш тармактарындагы өсүш ички суроо-талаптын активдүү экенин көрсөтөт.
Жалпысынан алганда, бул көрсөткүчтөр экономиканын жанданып жатканын билдирет, бирок өсүштүн сапатына этият баа берүү зарыл. Курулушка жана ири инвестициялык долбоорлорго өтө көп таянуу узак мөөнөттүү туруктуулук жагынан белгилүү бир тобокелдиктерди жаратат. Мындан тышкары, инфляциянын жогору болушу элдин реалдуу кирешесине басым жасашы мүмкүн.
Жыл соңуна карата базалык божомол боюнча Кыргызстандын экономикасы 9–10,5% тегерегинде өсүшү ыктымал. Эгер курулуш, өнөр жай, соода жана акча которуулар азыркы темпин сактап калса, өсүш 11–12%га чейин жетиши мүмкүн. Бирок тышкы суроо-талап начарлап, күйүүчү май жана импорттук товарлар кымбаттап же инфляция күчөсө, өсүш темпи 6–8%га чейин жайлашы ыктымал. Ошондуктан жылдын негизги маселеси — жогорку өсүштү инфляцияны күчөтпөй, импортко жана мамлекеттик чыгымдарга ашыкча көз каранды болбой сактап калуу”, - деди экономист Искендер Шаршеев.