Туризмди өнүктүрүү: Чаткалда аэропорт куруу каралууда

Аймак
Туризмди өнүктүрүү: Чаткалда аэропорт куруу каралууда
copyright icon www

Бишкек, 25.10.26 /Кабар/. Чаткал районунда туризмди өнүктүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу максатында бир катар масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында маалымдалды.

Айрыкча, аймактагы туристтик потенциалды арттырууга багытталган масштабдуу “Чаткал Резорт” долбоорунун алкагында Каныш-Кыя айыл аймагында жаңы аэропорт куруу каралганы маалым болду.

Бул демилге региондун логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, келүүчү туристтердин санын көбөйтүүгө жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга шарт түзөт.