Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 33,4-39,4-чакырымына асфальт басуу иштери кызуу жүрүп жатат.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, иш “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №50 жол тейлөө мекемеси тарабынан аткарылууда.
Жолго асфальт төшөө иштери туристтик жайларга барчу жолдорду жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.