Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Туризм тармагынын өкүлдөрү ITB China көргөзмөгө катышууга чакырылат.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, 27-майдан 29-майга чейин Кытайдын Шанхай шаарында өтө турган ITB China 2025 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук стендине катышууга туризм тармагынын өкүлдөрүн чакырат.
Катышуу үчүн арызды 1-мартка чейин бул шилтеме аркылуу тапшырсаңыз болот.
Көргөзмө тууралуу толук маалымат: tb-china.com сайтында жайгашиырылган.
Маалымат үчүн телефондор: +996 701 571 713.