Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ШКУ жана ШКУ+ жыйындары, ошондой эле Кытай менен Пакистандын президенттеринин мамлекеттик жана расмий сапарлары дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда болду. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, эл аралык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу Кыргызстанды дүйнө жүзүндөгү 7 миллиарддан ашуун адамга көрсөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мындан улам өлкөгө болгон кызыгуу күчөп, туристтердин агымы кескин көбөйөрү күтүлүүдө.
Эл аралык туристтик рейтингдерде Кыргызстан сап башына чыкканын белгилеген мекеме башчысы төмөндөгүлөргө токтолду:
- Туристтердин саны: Быйыл өлкөгө 13 миллионго жакын турист келиши күтүлсө, кийинки жылдары бул көрсөткүч 20-30 миллионго жетиши мүмкүн.
- Инфраструктура жана сунуштар: Агымдын көптүгүнөн улам конокторду мейманканаларга же пансионаттарга гана жайгаштыруу мүмкүн эмес. Келгендердин көбү бюджеттик варианттарды тандайт.
- Калктын даярдыгы: Мекеме жетекчиси жергиликтүү тургундарды боз үйлөрдү камдап, кошумча турак үйлөрүн иретке келтирип, туристтерди тосууга азыртан даярданууга чакырды.
"Президентибиз “Кен байлыктар түгөнөт, Кыргызстан үчүн туризм экинчи Кумтөр болот. Ошондуктан ар бир үй-бүлө турист тосконго даярдангыла” деп айтканы бар. Президенттин бул көрөгөчтүк менен айткан сөзү ишке ашып жатат. Туризм тармагы аркылуу элибиз кошумча киреше таап, айылдардан шаарларга көчпөй эле өз аймагында иштөөгө мүмкүнчүлүк алат", — деп баса белгиледи Эдуард Кубатов.