Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Кувейттин алдыңкы 8 туристтик компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Алардын сапары Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги жана Кыргызстандагы Silk Way Travel туристтик компаниясынын жана Кувейттеги Al Jazeera Airways авиакомпаниясынын биргелешкен демилгеси менен уюштурулду.
Программа алкагында катышуучулар Кыргызстандын туристтик жана маданий өзгөчөлүктөрү, жаратылыш кооздуктары, меймандостук салты жана эс алуу инфраструктурасы менен жеринде таанышышты.
"Бул демилге Кыргызстандын туризм тармагын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө жана Кувейттен келген туристтердин агымын көбөйтүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.