Аймактык туризм борбору: Кыргызстан жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн дооруна кирди

Аналитика 9 сентябрь 2026 09:25
Аймактык туризм борбору: Кыргызстан жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн дооруна кирди

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Асман тиреген мөңгүлөрдүн өлкөсү жана көчмөн цивилизациясынын бешиги аталган Кыргызстан Борбор Азиянын туристтик борборуна айлануу дымагынан жаза элек. Дүйнө элин суктандырган Көчмөндөр оюндары бул максатты мурдагыдан да бекемдеди. Биздин өлкө аалам элине улуттар аралык ынтымакка, тынчтыкка чакырган спортко, көп түрдүү маданиятка жана табиятка кайтууга суроо-талап жогору экенин көрсөттү. Кыргызстан бул боштукту толтуруу менен өзүнүн татыктуу ордун ээледи деп ишеним менен айта алабыз. Экономикасы чакан мамлекетибиз обочодогу Борбор Азиядан суурулуп чыгып, дүйнөгө өзү туурасында жар салды. Эл аралык коомчулук туура белгилеп жатат – Кыргызстан жаңы доорго кадам таштады.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргызстандыктарга чоң дем берип, шыктандырып кетти. Биздин мамлекетти жакшы билгендер дүйнөнүн булуң-бурчунан "Кыргызстан прайм эрага кирди" деп көкөлөтө мактап жатышканына күбө болдук. Албетте, прайм доордун талаптары өтө жогору. Бирок эмоцияны алып салган күндө деле Кыргызстандын дараментинин жана жаңы ачылган мүмкүнчүлүктөрдүн доору башталганын айтса болот. Биздин өлкө бул күндөргө куру кол эмес, реалдуу ийгиликтер менен жетти. Учурда ЕАЭБ менен Борбор Азияда экономиканын өсүү темпи боюнча алдыда бара жатат. Республика боюнча ири инвестициялык долбоорлор ишке ашып, бардык тармактарда жылыш байкалууда.

Кыргызстан ондогон жылдар чечилбеген чек араларын аныктап алды. Чөлкөмдүн эле эмес, Азия менен Европанын экономикалык соода жолун кызыта турган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун салууда. БУУнун Коопсуздук Кеңешине жетти, ушул эле БУУ Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады. Тышкы саясаттагы алакаларын кеңейтти, ири инвесторлорду тарта алды.

ШКУнун саммитине келген 20дан ашык өлкөнүн президенттери чакырыкты четке какпай Көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышып беришти. Бул учурду эл аралык пресса "чоң саясатчылар жолуккан аймак, саясат менен маданий мазмун айкалышкан жер" деп баалады. Эл аралык коомчулук бир эле учурда ири жана татаал саясий-дипломатиялык, маданий, спорттук окуялар сааттай тактык менен кадыресе уюштурулуп жатканына күбө болду.

Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов ШКУнун лидерлеринин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын арты менен биздин өлкөнү дүйнө боюнча миллиарддаган эл билди деп белгиледи.

"2026-жылы Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин саны 13 миллионго жетиши мүмкүн. Ал эми кийинки жылдары 20–30 миллионго чейин өсүшү ыктымал", — деди Эдуард Кубатов.

Аймактык алкактан дүйнөлүк мейкиндикке

Отуз жыл бою Кыргызстан "Экинчи Швейцария" атыгып, туристтердин сүйүктүү жайына айлануу менен кызыгууну жаратып келди. Албетте, экономикалык жагдайларыбыз ар башка болгону менен табиятыбыздын окшоштугу чоң роль ойноду. Акыркы беш-он жылдыкта Кыргызстан туристтик дараметин чөлкөмдүн алкагында көтөрүү аракетин көрүүдө. Анткени Борбор Азия жылына 40–100 млн туристти тосууга жетишкен европалык өлкөлөр менен тең тайлаша албай, обочо аймак катары туристтик потенциалын толук кандуу колдоно албай келет. Кыргызстан тоолоруна, табиятына басым жасаса, Өзбекстан маданий-архитектуралык мурастарын илгерилетүүдө. Ал эми Казакстан өнүккөн инфраструктурасы, ири каражаты менен иштиктүү жана премиум туризмди жайылтуу аракетинде. Акыркы кездеги тенденцияга байкоо салсак, туристтер биздин чөлкөмдөгү конкреттүү бир өлкөнү эмес, жалпы Борбор Азияны тандап келип жатканын байкасак болот. Кыргызстандын туризми үчүн бирдиктүү Борбор Азия мүмкүнчүлүктөрдүн терезесине айланды.

Дал ушул жерден Дүйнөлүк көчмөндөр оюну киргизген жаңылык туурасында сөз кылалы. Оюндардын мазмуну жана анын тегерегиндеги талдоолор, ой-пикирлер Кыргызстандын дарамети Борбордук Азия эле эмес, андан да кеңири алкакта экенин далилдеди.

Биринчиден, Кыргызстан бийик тоолордун, тоо көлдөрүнүн, түбөлүк муз, мөңгүлөрдүн өлкөсү. Территориясынын дээрлик 90 пайызынан ашыгын жалаң тоолор ээлейт. Бир эле мисалды келтирсек, биздин өлкө альпинизм баштаган экстремалдык спорт, лыжа туризми үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ал эми Ысык-Көл бүткүл Борбор Азиянын эң мыкты эс алуу жайы деп таанылган.

Экинчиден, Кыргызстан өзүн көчмөн цивилизациясынын борбору жана байыркы көчмөн маданиятынын сактоочусу катары көрсөтө алды. Мунун эң жаркын мисалы — Дүйнөлүк көчмөндөр оюну. Кыргызстан Оюндардын арты менен бүтүндөй бир көчмөн цивилизациясынын сактоочусу атыкты. Дээрлик 100дөн ашык өлкөдөн 3000 спортчу келди. Кырчындагы этношаардагы жүздөгөн окуяларды 150–200 миң киши келип көрдү. Демек, мындай түрдөгү мейкиндиктин болуусуна суроо-талап жогору. Ал эми Кыргызстан ушул боштукту толтуруп, өзүнүн ордун татыктуу ээлей алды.

Инфраструктурага келсек, дүйнөлүк чемпионаттарды өткөрүү эрежелерине жооп берген, Борбордук Азиядагы эң ири "Бишкек Арена" стадиону жана Ысык-Көлдүн боюнда чөлкөмдө эле эмес, дүйнө боюнча аналогу жок уникалдуу Кырчын этношаары бар. Ал эми аймак эли туризм бизнесине кадыресе аралашып, туристтер үчүн өзгөчө маанайды жаратууга көнүштү. Жайлоодогу боз үйдө көчмөн тиричилигинде жашоону, бүркүт менен аңчылык кылууну дүйнөдөгү бир да беш жылдыздуу мейманкана камсыздай албайт.

Борбор Азияда биринчи жолу суудагы Формула-1 жарышы өттү, чөлкөмдөгү ири гольф-клуб курулду. Өлкө боюнча башка да бир топ туристтик долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Эң негизгиси — тажрыйба. Кыргызстан эл аралык масштабдагы ири долбоорду ойлоп таап, иш жүзүнө ашыра аларын далилдеди. Натыйжанын ийгилиги эл аралык коомчулуктун пикирлеринен эле билинип турат. Биздин өлкө бир катар эл аралык изилдөөлөрдүн, рейтингдердин алдыңкы сабынан орун алууда.

Туристтик лидерликке коюлган жогорку талаптар

Эксперттер туристтик хаб болуу үчүн бир катар жогорку талаптарга жооп берүү зарылдыгын белгилешет. Алар: транспорт, логистика жана эл аралык каттамдар көйгөйүн, виза режими маселесин чечүү, инфраструктуранын көңүл ачууну камтыган көп түрдүү багытта болушу, тейлөө сапатынын мыктылыгы, көп тилдүү тарыхчыларды, гиддерди, кызматкерлерди даярдоо, экотуризм, этнотуризм, медицинaлык жана экстремалдык туризмди жолго коюу, инвесторлорду жана жергиликтүү бизнести колдоо иштери. Ушул жана башка багыттар боюнча жеке сектор жана мамлекеттик мекемелер максаттуу багытта иш алып барса, ийгилик өзүн күттүрбөйт.

Туризм боюнча эксперт Максат Чакиевдин айтымында, Борбордук Азиядагы туризм борборуна айлануу үчүн Кыргызстан туристтик саясатын өзгөртүүсү керек.

Ал массалык туризмге эмес, акчалуу туризмге басым жасоо керектигин белгиледи:

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында дүйнөлүк жарнама жакшы жасалды. Эми биз жөн эле туристтерди чакыра бербешибиз керек. Миллиондогон туристтерди кабыл алууга шарт деле жок. Күч-аракет алыскы өнүккөн чет өлкөлөрдөн туристтерди тартууга багытталышы керек. Анткени экономикалык жактан өнүккөн жана төлөөгө жөндөмдүү өлкөлөрдөн келген туристтер кыйла көбүрөк акча ташташат.
Азыркы курулуп жаткан жаңы нуктагы шаарчалар болобу, мейманканалар болобу, бай туристтерге багыт алуусу керек.
Экинчиден, инвесторлорду тартуу зарыл. Мисалы, Көчмөндөр оюндары биздин мамлекетти жакшы нукта көрсөтүп берди. Эми ушуну Кыргызстандын Инвестициялар боюнча агенттиги, Экономика жана коммерция министрлиги колдонсун. Тийиштүү мамлекеттик мекемелер инвесторлорду тартууга, дүйнөлүк байларды тартууга колдонсун. Биз Көчмөндөр оюндарын тек гана туристтик жактан карай бергенибиз туура эмес болуп калат. Бул капчыктуу инвесторлорду чакыруу үчүн бирден-бир курал боло турган шарт. Азыр биз Көчмөндөр оюндарын колдонуп жөн эле реклама эмес, максаттуу багытта иш алып баралы", — деди Максат Чакиев.

Айтмакчы, Кыргызстанда 2030-жылга чейин туризмди туруктуу өнүктүрүү программасы ишке кирген. Ага ылайык, туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты оптималдаштыруу, инфраструктураны жакшыртуу, туристтер үчүн коопсуз шарттарды түзүү, ошондой эле тарыхый-маданий мурастарды жана жаратылыш ресурстарын сактоо тапшырмасы коюлган. Ошондой эле туризм рыногуна санариптик технологияларды киргизүүгө, медициналык, спорттук жана курорттук туризмди өнүктүрүүгө, туризмди өнүктүрүү аркылуу аймактардын экономикасын стимулдаштырууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканы белгиленген. Демек, аймактык туристтик борборго айлануу — комплекстүү иштердин натыйжасы. Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өлкөбүздүн дараметинин эң мыкты мисалы бойдон кала берет.