Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов Кырчын жайлоосунда болуп, жайкы туристтик сезон учурунда коопсуздукту камсыздоо иштери менен жеринен таанышты.
Облустук милициядан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу жана туристтерге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү боюнча кызматкерлерге конкреттүү тапшырмалар берилди.
Жыйында Кырчын жайлоосунун уникалдуу жаратылышын сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Унаалардын жашыл шиберге кирип, чөптү тебелөөсүнө бөгөт коюу максатында жол четине атайын эскертүүчү белгилер орнотулду.
Мындан тышкары, Ысык-Көл ОИИБдин Туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери эс алуучуларга өрт коопсуздугун сактоо жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Милициядан эскертишкендей, жашыл шиберге унаа менен кирген жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт.