Туристтик мезгилде Ысык-Көлдө жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт – ЖКККББ

Аймак Загрузка... 16 Июнь 2025 18:27

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Туристтик мезгил учурунда Ысык-Көл облусунун аймагында жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна экинчи ирет жардам иретинде 52 кызматкер жана 24 кызматтык унаа жөнөтүлдү.

"Бул кызматкерлер туристтик мезгил бүткөнгө чейин облустун аймагында эс алуучу жайлардын, пансионаттардын, лагерлердин айланасында жана унаа көп каттаган жерлерде жол тыгындарынын жана жол кырсыктарынын алдын алуу багытында иш алып барат", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн иш сапарга жөнөп жаткан кызматкерлерге ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан саптык кароо өткөрүлүп, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо боюнча тийиштүү нускамалар жеткирилди.