Туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту сактоого 5 миңге жакын кызматкер тартылган - Исаков

Коом Загрузка... 29 Июль 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-07-29 at 06.45.53.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө республика боюнча Ички иштер министрлигинин 5 миңге жакын кызматкери туристтик мезгилде коопсуздукту сактоо иштерине тартылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Канатбек Исаков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун өзүндө эле 2,5 миң кызматкер күнү-түнү коопсуздукту камсыздоо ишин алып барууда.

“Былтыр ИИМдин жетекчилигинин чечими менен Ысык-Көл облусунда эле 5 звод ачылып, кошумча 128 штат берилген. Туристтердин, эс алуучулардын саны көбүрөөк болгонуна байланыштуу кызматкерлерге коопсуздукту сактоого зарыл болгон керектүү техникалык каражаттарды алып берип жатабыз. Күч каражаттары учурда жетиштүү мисалы, кайык, скутер, квадроцикл жана автоунаалар алынган. Республиканын аймагында туризм жаатында иштеп жаткан милиция кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн”,- деди Исаков.

Ошондой эле Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы республика боюнча бардык ички иштер бөлүмдөрү, башкармалыктары күчөтүлгөн режимде, өз тартиби менен иштеп жатканын кошумчалады.