Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 55 чакырым узундуктагы Токтогул — Беш-Таш унаа жолу курула баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков билдирди.
Анын айтымында, долбоор 2025-жылдын кыш мезгилинде планга киргизилген жана учурда бардык керектүү документтер даярдалып, иштин алгачкы этабы башталды.
"Объектте техникаларды даярдоо жана казуу иштерине даярдык жүргүзүлдү. Ал эми асфальт төшөө иштери 2027-жылга пландалган", — деди Чойбеков.