Кыргызстан Борбор Азиядагы алдыңкы туристтик багыттардын бири катары өз позициясын бекемдеп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген туристтерди көбүрөөк өзүнө тартып жатат. Өлкө кооз жаратылышы, бийик тоолору, көчмөн элдин бай маданияты, жеткиликтүү эс алуу мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык иш-чаралардын көбөйүшү менен саякатчылардын кызыгуусун арттырууда. Өлкөнүн башкы туристтик бренди болуп саналган Ысык-Көл жыл сайын миллиондогон конокторду кабыл алып, чет элдик туристтер эң көп келген багыт бойдон калууда.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, Кыргызстанга келген туристтердин саны туруктуу өсүүдө. Эгерде 2023-жылы болжол менен 8 миллион адам келген болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 10,5 миллионго жеткен. Ал эми 2026-жылы туристтердин саны 12,5-13 миллионго чейин жетери күтүлүүдө. Жылдын алгачкы алты айында эле Кыргызстанга 6,4 миллионго жакын адам келген.
Ысык-Көл өлкөдөгү башкы туристтик борбор бойдон калууда
Өлкөдө жаңы туристтик багыттар өнүгүп жатканына карабастан, Ысык-Көл Кыргызстанга келген коноктор үчүн эң негизги эс алуу жайларынын бири бойдон калууда.
Белгилүү альпинист, коомдук ишмер, 2021-жылы Эверест чокусун багындырган алгачкы кыргызстандык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору жана Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатовдун айтымында, Ысык-Көлдүн өлкөнүн туризм тармагындагы орду стратегиялык мааниге ээ.

“Ысык-Көл жээкте эс алуу менен эле чектелбейт. Бул жерде дарылануу жана ден соолукту чыңдоо туризми, спорттук, этномаданий, активдүү жана укмуштуу окуяларга бай туризм өнүгүп жатат. Учурда көлдүн айланасында туризмдин 20дан ашуун түрү боюнча кызмат көрсөтүлүүдө”, - деди ал.
Бүгүнкү күндө туристтер көл жээгиндеги эс алууну тоо маршруттары, тарыхый жайларга саякат, көчмөн элдин каада-салты менен таанышуу, ат менен саякаттоо жана башка активдүү эс алуу түрлөрү менен да айкалыштыра алышат.
Агенттиктин жетекчисинин айтымында, учурда өлкөдө төрт мезгил бою туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
“Мурда Ысык-Көлдө туристтик сезон негизинен июль жана август айлары менен гана чектелчү. Азыр болсо жыл бою туристтерди кабыл алуу башкы багыттардын бири болуп калды. Жакынкы жылдары Кыргызстан кышкы туризмди, анын ичинде тоо-лыжа эс алуусун, кызыктуу маршруттарды жана тарыхый-маданий саякаттарды кеңейтүүнү пландап жатат. Бул жердеги максат — өлкөдө туристтик сезонду 1-январдан 31-декабрга чейин, жыл бою жүргүзүү”, - деди Эдуард Кубатов.

Ал кышкы туризмди, тоо-лыжа курортторун жана кызыктуу туристтик маршруттарды өнүктүрүү Ысык-Көлдүн гана эмес, өлкөнүн башка аймактарынын да мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
“Климаттын өзгөрүшү туризм тармагына таасир эткен негизги факторлордун бирине айланууда. Ошондуктан Кыргызстандагы туризм тармагы жаңы жаратылыш шарттарына ылайыкташып, экологияны сактоого багытталган жана туруктуу өнүгүү принциптерине негизделген ыкмаларды жайылтууда”, - деди ал.
Эмне үчүн чет элдик туристтер Кыргызстанды тандашат?
Кыргызстандын туристтик уюмдар ассоциациясынын (КАТО) аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, чет элдик туристтердин кызыгуусу алардын кайсы өлкөдөн келгенине жараша айырмаланат.
Анын айтымында, Казакстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан келген туристтер көбүнчө Ысык-Көлгө көл жээгинде эс алуу жана салкын аба ырайы үчүн келишет.
Ал эми Европадан, Азия өлкөлөрүнөн жана башка алыскы мамлекеттерден келген коноктор Кыргызстанды кооз жаратылышы, активдүү эс алуу мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөнүн маданияты менен жакындан таанышуу үчүн тандашат.
Аларды төмөнкүлөр нерселер кызыктырат:
- тоо маршруттары;
- треккинг жана жөө жүрүштөр;
- ат менен саякаттоо;
- боз үй лагерлеринде эс алуу;
- көчмөн элдин маданияты жана каада-салты менен таанышуу;
- экологиялык туризм.
Нурбек Сапаров белгилегендей, чет элдик туристтердин Кыргызстанды тандоосунун негизги себеби — өлкөнүн кайталангыс кооз жаратылышы.

“Бүгүнкү күндө туристтер дүйнөдө улам азайып бара жаткан нерсени — таза жана кол тие элек жаратылышты көрүү үчүн келишет. Социалдык тармактарда тараган өлкөнүн кооз тоолору менен көлдөрүнүн сүрөттөрү өлкө үчүн эң мыкты жарнама болууда”, - деди ал.
Ошол эле маалда Кыргызстан арзан эмес, туризмди сапаттуу өнүктүрүүгө басым жасоодо.
Буга чейин Кыргызстандын негизги артыкчылыктарынын бири эс алуунун салыштырмалуу арзандыгы болуп келген.
Бирок азыр адистер өлкө массалык жана арзан туризмден акырындык менен баш тартып, туристтик сапаттуу кызматтарды өнүктүрүүгө басым жасашы керек экенин белгилешет.
Кыргызстандын туристтик уюмдар ассоциациясынын (КАТО) аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун “Кабар” агенттигине берген маегинде айтылгандай, эс алуунун баасы көрсөтүлгөн кызматтын сапатына шайкеш келиши зарыл. Анын айтымында, Ысык-Көлгө келген туристтердин саны жыл сайын көбөйүп жаткандыктан, аймактын экологиясын сактоого өзгөчө көңүл буруу маанилүү.

“Негизги максат туристтердин санын гана көбөйтүү болбошу керек. Сапаттуу кызмат көрсөтүү аркылуу жаратылышка ашыкча күч келтирбей эле туризм тармагындагы кирешени көбөйтүүгө болот”, - деп эсептейт эксперт.

Эдуард Кубатов да бул көз карашты колдойт.
Анын айтымында, учурдагы негизги милдеттердин бири — туристтерге көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жайгаштыруу жайлары үчүн жаңы ыктыярдуу сертификация системаларын киргизди.
Алардын арасында:
- мейманканалардын эл аралык жылдыздык классификациясы;
- конок үйлөрү үчүн “Эдельвейс” системасы;
- боз үй лагерлери жана кемпингдер үчүн “Түндүк” системасы бар.
Эл аралык иш-чаралар Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда.
Өлкөнүн дүйнөгө таанымал болушуна ири эл аралык иш-чаралардын өткөрүлүшү да чоң салым кошууда.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - дүйнөлүк туристтик рыноктогу Кыргызстандын ордун дагы да бекемдейт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — ар кыл өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бириктирген, дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук-маданий ири иш-чара болот. Андыктан, быйыл кайрадан эл аралык коомчулуктун көңүлү Ысык-Көл облусуна бурулат.
Бул иш-чара көчмөн элдердин маданий бай мурасын дүйнөгө таанытып, Кыргызстандын салт-санаасын, маданиятын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу үчүн маанилүү аянтча болот.

Дагы бир маанилүү окуялардын бири - Ысык-Көлдө өтө турган суу-мотор спорту боюнча эл аралык UIM F1H2O Grand Prix of Kyrgyzstan — Issyk-Kul 2026 мелдеши болмокчу. Турнирге дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн күчтүү спортчулар катышып, туризмди өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет.
Туризмди өнүктүрүү үчүн дагы эмне кылуу керек?
Адистердин айтымында, туризм тармагын өнүктүрүүдөгү негизги багыттар төмөнкүлөр бойдон калууда:
- кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;
- туристтик заманбап инфраструктураны куруу;
- эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү;
- жаратылышты жана экологиялык тең салмактуулукту сактоо;
- кышкы жана тарыхый-маданий туризмди өнүктүрүү;
- эл аралык мейманкана тармактарын тартуу.

Ошол эле учурда жогоруда адистер белгилегендей, Кыргызстандын негизги артыкчылыгы — кымбат мейманканаларда же массалык пляждык эс алууда эмес.
Өлкөнүн башкы өзгөчөлүгү анын бийик тоолору, кайталангыс жаратылышы, бай маданий мурасы жана кыргыз элинин меймандостугунун айкалышуусунда. Дал ушул сапаттар Кыргызстандын дүйнөлүк туристтик рыноктогу атаандаштыктагы артыкчылыгын калыптандырууда.
Ушул өзгөчөлүктөрдүн аркасында Кыргызстан дүйнөлүк туристтик картада барган сайын көбүрөөк таанылып, ал эми Ысык-Көл өлкөдөгү эс алуунун башкы символу бойдон калууда. Ошондой эле ал чет элдик туристтер эң көп тандаган багыттардын бири болуп саналат.