Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Кыргызстан 2–4-октябрь күндөрү Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн INTAC 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкы директору Адилет Жанузаковдун катышуусунда Кыргызстандын улуттук туристтик стендинин расмий ачылышы болду. Стендде Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана негизги туристтик багыттары тааныштырылды.
Ошондой эле өлкөнүн туристтик тармагынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өттү. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы туристтик агымды көбөйтүү, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн Малайзиянын рыногунда илгерилетүү, биргелешкен жарнамалык-маалыматтык кампанияларды өткөрүү, MATTA Fair эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышуу, ошондой эле Muslim-Friendly Tourism багытында кызматташуу маселелерин талкуулашты.
”Кыргызстандын INTAC 2026 көргөзмөсүнө катышуусу өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө, жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө жана туризм тармагында Малайзия менен кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган”, – деп айтылат билдирүүдө.