Бишкек 04.06.25 /Кабар/. Бишкекте Турецкий хору жана "Сопрано" арт тобунун катышуусунда «Биримдик ырлары» аттуу чоң концерт өтөт.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, концерт бүгүн, 4-июнда саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында өтмөкчү. Кирүү акысыз.
"Жандуу музыкалык иш-чара көрүүчүлөргө профессионалдуу аткарууну жана эл аралык артисттердин кубаттуу энергиясын тартуулайт. Турецкий хору жана «Сопрано» арт-тобу турмуш, тынчтык жана достук жөнүндөгү композицияларды — муундарды жана маданиятты бириктирген ырларды аткарышат", - деп айтылат маалыматта.
Концерт Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чаралардын алкагында өтүүдө.
Концерт Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү жана Москва өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулууда.