Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Алдыңкы жылдары кезекте турган мамлекеттик жана жеке медиаларда иштеген 50дөй журналист Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батирлүү болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Sputnik маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул турак жайга муктаж адистерди социалдык жактан колдоонун маанилүү кадамы болуп саналат.
Дайырбек Орунбеков белгилегендей, тизмеде көп жылдан бери үйү жок, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жалгыз бой кызматкерлер жана көзү өтүп кеткен журналисттин артында калган үй-бүлөлөрү бар.
"Бул жерде эң башкы фактор — президент Садыр Жапаровдун түз жана принципиалдуу колдоосу. Президент маалыматтык саясатты мамлекеттин коопсуздугу жана туруктуулугу менен түз байланышкан тармак катары карайт. Ал социалдык тармактардагы коомдук талкууларды, резонанстуу окуяларды тыкыр көзөмөлдөп, маалымат мейкиндигиндеги процесстерге жеке өзү дагы көңүл бурат. Дал ушул саясий эрк болбосо, мындай масштабдагы инфраструктуралык жана системалуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу мүмкүн эмес эле", - деди ал.