Турак жайды камсыздандыруу. Жалал-Абадда жыл башынан бери 4,5 млн сом төлөндү

Аймак Загрузка... 04 Март 2026 16:16
WhatsApp Image 2026-03-04 at 11.57.16 (1).jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери турак жайы зыянга учураган 17 жаранга 4,5 млн сом төлөп берди. Бул тууралуу аталган уюмдун Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Урматбек Осмонкожо уулу “Кабар” агенттигине билдирди.

Ал белгилегендей, акыркы эки айда 8 миң 238 турак жай камсыздандырылды. Ошондой эле 2025-жылы 115 жаранга 6 млн 518 миң сом төлөнүп берилип, 80 миң 394 турак жай камсыздандырылган.

“Акыркы жылдары турак жайын камсыздандыргандардын саны өсүүдө. Жылдын жыйынтыгы менен биздин облустун камсыздандыруу көрсөткүчү 40%га чейин жетип, алдыңкы орунга чыктык. Учурда тургундарга турак жайды камсыздандыруу жолдорун түшүндүрүү, маалымат берүү жана үгүттөө иштери жүргүзүлүп жатат”, - деп кошумчалады директор.