Турак жай маселесин чечүү үчүн Нарында 600дөн ашык батир салынууда

Президент Загрузка... 24 Июнь 2026 15:30
WhatsApp_Image_2026_8t6ij9C.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун активи жана тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда мамлекет башчысы Нарын облусунда ишке ашырылып жаткан жана пландалган долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берди.

Мамлекет башчысынын айтымында, Нарын шаарында турак жай тартыштыгын жоюу максатында учурда 216 батирден турган тогуз кабаттуу төрт ипотекалык турак үйдүн курулушу уланууда.

“Тикелей тартылган инвестиция менен 416 батирлүү “Тянь-Шань сити” турак жай комплекси курулуп жатат. Мындан сырткары, Нарын шаарын кеңейтүү, шаар тургундарын турак жай менен камсыз кылуу максатында “Тайлак баатыр” атындагы №2025 аскер бөлүгүн шаар четине көчүрүп, бошотулган 128 батир капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, үйгө муктаждарга социалдык ипотека аркылуу берилмекчи”, - деди президент.