Турак жай маселеси чечилүүдө. Президент элдин алкышына арзыды

Коом Загрузка... 11 Июль 2025 16:35
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Күн мурун президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов көчөсүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын ээлерине салтанаттуу тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө өлкө башчысы жаңы батирлерди кыдырып, таанышып чыкты. Өз кезегинде жарандар президентти жылуу маанайда тосуп алып, баарлашууда терең ыраазычылыктарын билдиришти.

“Сиздин жасап жаткан ишиңизди ар бир жаран көрүп жатат. Сизге жана сиздин командаңызга терең ыраазычылык билдиребиз. Эгер буга чейин эле ушундай иштеген жетекчи келгенде, баарыбыз үйлүү болмок экенбиз. Швейцариядан кем калмак эмеспиз”,- деди жашоочулардын бири.

Белгилей кетсек, аталган турак жай комплекси Калый Молдобасанов көчөсүндө жайгашкан 15 кабаттуу 225 батирди камтыйт. Комплекстин аймагында автономдуу жылытуу системасы, балдар аянтчасы жана жер алдындагы унаа токтотуучу жай каралган.