Турак жай камсыздандырылганда кенемтенин өлчөмү кантип эсептелет?

Коом 9 октябрь 2026 11:10
Турак жай камсыздандырылганда кенемтенин өлчөмү кантип эсептелет?
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Турак жайын камсыздандырган жарандарга камсыздандыруу учуру катталганда төлөнүүчү кенемтенин өлчөмү белгилүү бир методиканын негизинде эсептелет. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, шаар жергесиндеги жарандар турак жайын бир жылга 1200 сом төлөп камсыздандыра алышат. Камсыздандыруу суммасы 1 миллион сомго чейин каралган.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун адиси камсыздандыруу учуру катталганда келтирилген зыяндын көлөмү кандай аныкталарын жана кенемтенин өлчөмү кайсы методика менен эсептелерин түшүндүрүп берди.