Караколдук ишкер инвестициялык 4 долбоорду сунуштады

Коом
Караколдук ишкер инвестициялык 4 долбоорду сунуштады

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Сокулук районунун тургундары менен болгон жолугушууда караколдук ишкер Данияр Батырбеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, 4 инвестициялык долбоорду сунуштады.

Анын айтымында, ишкер сүттү кайра иштетүү менен алектенген “Ала-Тоо Сүт” кооперативинин директору болуп саналат. Ишкана күн сайын 50 тонна сүт кабыл алып, 130 адамды жумуш менен камсыз кылат.

Ишкер мамлекеттик “100 ишкана”программасынын алкагында төрт долбоорду сунуштаганын билдирди:

  • балмуздак өндүрүү жана экспорттоо;
  • бөтөлкөгө куюлган суу өндүрүү.
  • Каракол шаарында аянты 100 миң чарчы метрди түзгөн транспорттук-логистикалык борбор куруу;
  • 2 миң баш малга эсептелген ферма түзүү.

Азыркы скважина күнүнө 100 миң литрге чейин таза суу чыгарууга мүмкүндүк берет.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров сунушталган долбоорлор менен таанышып чыгарын билдирди.